"Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айылында ооруктун ардагери жашайт. Ага ушул күнгө чейин көңүл бөлүнбөй келет" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жиберген.
"Менин кайненемдин апасы Малика Орконова 95 жашта. Анын күйөөсү Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Өзү айылда калып, оорукта эмгек кылган экен. Жыл сайын 9-Май - Жеңиш күнүндө согуштун, ооруктун ардагерлерине көңүл бурулуп келет. Бирок биздин апабыздан ушул күнгө чейин бир да жолу кабар алышкан эмес. Апабыздын дагы эмгегин баалап, бир ирет кабар алып койсо, сыйлык алгандай болуп кубанып калмак", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.