Жалал-Абадда ооруканага денесинин баары көк ала болуп түшкөн 2 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда

Жалал-Абад облусунда оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын абалында өзгөрүү боло элек. Бул тууралуу облустук оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов билдирди.

Дарыгердин айтымында, кыздын дем алуусу начар болуп жаткандыктан атайын дем алуучу аппаратка жаткырылган.

"Кыздын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эсине келе элек, аны атайын аппаратка жаткырдык. Дарыгерлердин тынымсыз көзөмөлүндө болуп жатат. Ал эми туугандарынан таенеси, таятасы жүрөт. Кыздын апасы Орусиядан келет деп жатышкан. Бирок келе элек", - деди Муратов.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан