Ысык-Көл облусунда бир апта ичинде 10 тоннадай жапайы кара куурай жок кылынды. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, 22-28-июль күндөрү "Кара куурай" аттуу рейд жүрүп 12 гектар аянттагы 9 тонна 600 килограмм кара куурай жок кылынган. ОИИБинин кызматкерлери тарабынан 845 үйдүн короолору текшерилип, 109 административдик протокол түзүлдү. Документ райондук администрациялардын тийиштүү комиссияларынын кароосуна жиберилип, жакында чара көрүлмөкчү.