Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр - анын жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана. Мындай жоопту бүгүн, 11-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.
"Мусакеевдин атасы жөнөкөй кызматкер катары иштеген. Айлыгы аз болгон, жеке ишкерлик менен алектенген эмес, бирок ага 4 миллион 486 миң сомго бааланган 7 кыймылсыз мүлк катталган: 2 батир, 3 жер тилке, турак жай, жана соода дүкөнү.
Апасы көп жыл бою Бөкөнбаев айылында тууганынын дүкөнүндө унаа тетиктерин сатуу менен алектенген. Учурда ал 2014-2015-жылы салынган “Сагындык” жеке менчик дүкөнүн иштетет. Анын бизнеси чакан болгонуна карабай, ага 2 миллион 791 миң сомго бааланган 3 мүлк катталган: жер тилке, турак жай жана дүкөн.
Мусакеев УКМКнын кызматтык батирлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлгөндө, Ысык-Көлдөгү 8,8 миллион сомдук коттеджди жана Бишкектеги элиталык батирди (4 миллион 290 миң сом) туугандарына өткөрүп койгон.
Ошентип, Мусакеевдин ата-энеси эч качан ири ишкерлер болбосо да, аларга 2010-2018-жылдар аралыгында 20 миллион 368 миң сомго бааланган мүлктөр катталган.
Мындан тышкары Мусакеевдин агасына (атасынын тууганы) 4 мүлк катталган. Алардын үчөөсү 2018-жылы сатып алынган. Алардын жалпы баасы 9 миллион 375 миң сом.
Бул мүлктөрдүн чыныгы базар баасы документтерде белгиленген баадан кыйла жогору болууда.
Мусакеев да, анын агалары да жеке ишкерлик менен алектенишкен эмес жана кирешелери жогору болгон эмес. Мусакеев 2016-жылы УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматында иштегенде, айлыгы 38-40 миң сом болгон.
Анын агасы да бул кызматта иштеп, айына 35-38 миң сом алчу. Учурда ал пенсияда. Каржы полициясында иштеген экинчи агасынын айлыгы 15-16 миң сом болчу. Азыр ал жеке ишкерлик менен алектенет. Үчүнчү агасы Бөкөнбаев айылында унаа тетиктерин саткан дүкөндө иштейт.
Сотко чейинки иште кирешелер кандай табылганы жана мүлктөрдүн сатып алынышы ар тараптуу текшерилет.
Ошондуктан Дамир Мусакеевдин “бул иште саясий боёк бар” деген билдирүүсү негизсиз", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Кечээ, 10-майда Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн (3 жер тилке жана 2 батир) көрсөткөн. Мусакеев бул мүлктүн баары атасына катталганын айткан.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.
Буга чейин февраль айында Атамбаевдин жан сакчысына карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.