Таласта 3 жарым ай мурун дайынсыз жоголгон алтын кен ишканасынын кызматкери Рамис Төтөновдун жансыз денеси табылды. Маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз кызматы ырастады.
Белгилүү болгондой Шыралжын кенинен 14 чакырым алыстыкта жансыз дене табылганы тууралуу мал жайып жүргөн жаран кабарлаган.
"Белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин кызматкерлер ошол жерге барышкан. Ал алтын кен ишканасынын кызматкери экенин туугандары тастыкташты. Денесинде атайылап өлтүрүүнүн белгилери табылган жок. Жеңил кийинген экен, үйгө жөө кайтканда тоңуп калган болушу мүмкүн. Өлүмүнө эмне себеп болгону соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деп билдирди Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева.
Рамис Төтөнов ушул жылдын 31-январында жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал Шыралжын кенинде бригадир болуп 2 жарым жыл иштегени айтылган. Анын жакындары кенди жабуу талабы менен нааразылык акциясына да чыгышкан. Маркумдун артында эки баласы калды.