2013-жылдын 6 айында Кыргызстанда 4105 үй-бүлө ажырашкан
2013-жылдын 6 айында Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн
ажырашуулары көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Мамлекеттик каттоо
кызматынын төрагасынын орун басары Эльбира Теңизбаева коллегия учурунда
билдирди. Айтымында, 6 ай ичинде ажырашуу боюнча 4105 акт катталса, 2012-жылдын
ушул мезгилинде ажырашуу боюнча 3721 акт катталган. Ошондой эле ал ушул жылдын
6 айында өткөн жылга салыштырмалуу үй-бүлө кургандардын саны көбөйгөнүн да
билдирди. Жыл башынан бери үй-бүлө кургандардын саны 22 823кө жеткен.