Бүгүн, 12-майда Англиянын Премьер-Лигасынын акыркы оюндары орун алды. Анда "Ливерпуль" менен "Вулверхэмптон" командалары кез келди. Беттеш 2:0 эсебинде талаа ээлери "Ливерпулдун" жеңиши менен аяктады. Эки голду тең Садио Мане аткарды.
Бирок алар чемпиондуктун лидерлерине жете алышкан жок. Титулду "Манчестер Сити" командасы алып кетти. Алар "Брайтонду" 4:1 эсебинде утуп алышты. Муну менен "Манчестер Сити" Англиянын чемпиону аталды.
Бул күнү "Брайтон" өз үйүндө "Манчестер Сити" клубун Англия Премьер-Лигасынын 38-турунда кабыл алды. Дал ушул маалда Англиянын фавориттеринин бири "Ливерпуль" өз үйүндө "Вулверхэмптон" командасы менен кез келген. Оюндун жыйынтыгында "Ливерпуль" каршылашын жеңгени менен жетиштүү упай топтой алган жок. Жыйынтыгында конокто ойногон "Манчестер Ситиге" чемпиондукту 1 упай менен илдирип жиберди. "Манчестер Сити" бул жеңиш менен экинчи ирет Англиянын чемпиондугун утуп алды.
Англия чемпиондугун тарттырып жиберген "Ливерпуль" 1-июнда Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде "Тоттенхэм" менен кез келет.