Ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйү тонолгонун тастыктады. "Жашообузда мындай окуя биринчи жолу болду"

Ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйү тонолгону тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG`ге тастыктады.

"Окуя бир апта мурун эле болгон. Биз кылмышка шектүүлөр табылып калсын деген ниетте бул тууралуу маалыматты жашырып жатканбыз. Бирок жергиликтүү сайттардын бири милициядагы булагына шилтеме берүү менен бул окуяны жазып чыкты. Бул нерсе туура эмес болуп калды. Азыркы тапта апам менен карындашыма психологиялык жактан калыбына келтирүү аракети жүрүүдө. Алар аман калганына шүгүр", - деди ырчы.

Ал эми ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырды:

"Апам, карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап, коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Алар психологиялык жана физикалык жактан жабыркашты.

Көрсөтмө боюнча кылмыштуу уурулардын тобу жогорку даярдыкта дыкаттык менен уюшулган. Учурда кылмышкерлерди табууга күч органдары бардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Өзүмдүн атымдан жалпы жарандарга кайрылгым келет, мындай окуя сиздерде да болбош үчүн коопсуздукка көңүл бөлүңүздөр. Дагы жакшы апам, карындашым аман калды, кээде жоготуу болгон учурлар да болуп жатпайбы. Акча, дүнүйө табылат, бирок психологиялык жабыркоо өмүр бою көңүлдө калат.

Жашообузда биринчи жолу ушундай окуя болду. Чынында башыңа келмейинче башканын абалын сезбейт экенсиң. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү, эл өкүлдөрү, сураныч, милиция кызматкерлеринин шартын, укуктарын элибиздин тынчтыгы үчүн күчтөңүздөр. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаңы күчүнө кирген мыйзамына ылайык милиция кызматкерлери кылмышкерди издөөгө бермейинче кармоого укугу жок экен", - деп жазган ырчы социалдык тармактагы баракчасына.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Милицияга 6-майга караган түнү арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген аталган маалыматтарды алгач четке каккан болчу.

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын тоноп кетишкени айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Azat.97
2019-05-13 16:25:06
Апасын карап жанында жашабайбы анан.Аялы нын созунон чыкпаган неме окшойт бул дагы.
-8
Mart19
2019-05-13 21:17:54
Azat.97,оада апасынын жанында болуусу керек
болчу,ал эми аялына эмне жок деймда озунчоле
чыга калып жалган деп болгон нерсени да
-6
Sajakat14
2019-05-15 03:37:36
Mart19,алардын өздөрүнүн иши! Биздин иш эмес!
0
1Adilet1
2019-05-13 16:49:05
Жакшылап окубайсызбы
+3
aimai
2019-05-14 00:49:53
60 dollardi uigo saktagan adamdar barbi azirki zamanda banka ele salishpaibi
+2
Take_men
2019-05-14 10:07:26
aimai,нак акча аз эле болуш керек. Баалуу буюмдар деп турат
0
wwwonline
2019-05-14 04:31:13
Uurunun bashy koshunalaardyn biri bolup ele chygat kopchuluk uchurda, bilgen, taanygandar ele kiret uuruga. Bizdin uigo 3 jolu uuru kirgen, uchoondo ten koshunanyn tuugandary bolup chykkan, ejemdin uiuno 1 jolu kirgen, al da koshunasynyn dos baldary bolup chykkan. Uurunu janynardan izdegile. Banditskiy Bishkek, korkunuchtuu.
0
madina.87
2019-05-14 08:06:43
Ушул тыйының 4 миллиондон ашат экен,бир аз садака берип койсонуз балким ууру кирбейт беле аттиң...
-1
katerina.li
2019-05-14 14:45:30
madina.87,таба дебейм тобоо деймин,коп жыл мурда,анда мирбек тиммеле мега звезда болуп турган кез,супер инфого маек берген. Ал кезде элдер телефон чалышып сурролорун беришчу,ырчылар жооп беришчу,анан жаккан суроого белек беришчу. Ошондо бир кыз чалган ,эжем катуу ооруп жатат,акчадан кыйналып жатавыз сиз жардам бере аласызбы деп. Мирбек ошондо "жок жардам бере албайм,озун иштеп тап деп койгон" ошондон кийин мирбек мага такыр жакпацт. Акчасы саман болуп турган кези болчу ошондо,концертте
0
Sajakat14
2019-05-15 03:40:04
katerina.li,силерге бирөөнүн акчасын эле санатып койсо. Өзүң кайрымдуулук иштерин жасайсыңбы? Же сын такканды эле билесиңби?
0
katerina.li
2019-05-14 14:45:59
madina.87, концерттери шумдук аншланг менен отчу..
0
Shaa-82
2019-05-14 09:55:36
Коп жерлерден окуп атам кечээтен бери комментарийлерди, адамдар кызык арам акчада , садака бербейби, жетимдерге бербейби дешип дагы коп каралап жазышыптыр. Силер каяктан билесинер чогуу жашабагандан кийин балким берип аткандыр, акчаны ал деле кыйналып ыр жаздырып акчага, клипти да акчага тарттырып таап ататда. Колундан келсе ырдап акча тапкыла, бироонукун урдап албаса, акча демек ак эмгеги менен эле табылып атат. Мирбек мага эч ким эмес жон аган адамдарга тан калдым.
+7
Bobby1995
2019-05-14 13:49:24
Shaa-82,эн туура айттыныз ошентип жазган адамдар оздору бир сом болсода берип атат бекен тээле кыйын болуп жазышат берешен болуп.Садаканы он колун мн бер сол колун корбосун дейт
+1
Sajakat14
2019-05-15 03:45:03
Shaa-82,кыргыздар бири бирин көрө албаган ичи тар, ушакчы калк болобуз! Өзүбүз жыргабайбыз же башкалардын тың жашаганына сүйүнбөйбүз ичибиз өрттөнүп көрө албай, каралап, ушактаганга эле деңгээлибиз жетет!
0
Sajakat14
2019-05-16 02:43:37
Кудай кырсыктан, кылмышкер, уурулардан сактасын Мирбек мырза, Мээрим айым үй бүлөңөрдү! Апаңыз менен карындашыңыз өздөрүнө келип, жашоо нугуна түшсүн! Жандары аман эсен калыптыр дагы шүгүр!Уурдаган адам жыргап кетпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан