Көл-Төргө бара жатканда жарым жолго жеткенде эле артка кайткым келди. Чарчадым. Бирде тердеп калың кийимди чечсем, бирде суук шамал үшүтүп жиберет. Көздөгөн максаттан кайткандык жеңилүүнү түшүндүрөт эмеспи. Башкалар жеткен жерге кантип мен бара албайм деп фотоаппаратымды моюнума асып алып жолумду уладым.
Бул көлгө кыштын күндөрүндө дагы барып келген элем. "Кышында кыйын экенин билип туруп кайра эмнеге бардың?" дегендер болду. Бирок кышкы сулуулугун көргөн соң жазда кантип барбай коём? Кышында бубак баскан арчалардын сулуулугуна суктансам, жазда жер жайнаган гүлдөр көз жоосун алат. Мындай жаратылыштын кубулуштарын ар бир мезгил сайын көрүп туруу кызыгуумду арттырды.
Сөзсүз көрүү керек болгон жайлардын бирине айланган көл 2 миң 725 метр бийиктикте, Чүй облусуна караштуу Кегети капчыгайында жайгашкан. Оң тарабында буга чейин баяндалган Кегети капчыгайынын шаркыратмасы бар. Капчыгайды эки жакка бөлгөн жол кире бериштеги көпүрөдөн башталат. Буга чейин барып келген тургундардын айтуусунда көл жайында капталдагы таштарга чейин толуп көтөрүлөт. Көл-Төрдү көрүп келүү үчүн 14 чакырым жөө жүрүп барып келесиз. Көлдөн агып чыккан суу жүздөгөн жылдар мурун пайда болгон. Ал чуңкурга агып, жер алдына кирип кетип, тунук суу кайра токой аянтынан агып чыгат.
Кыш мезгилинде барган учурда тоңуп турган көлдүн үстүн туман басып, көрүүгө мүмкүн болгон эмес.
Капчыгайдагы тоонун боорунда ышкын, шалфей, уйгак, чай чөптөр, алтей жана башка дарылыкка пайдалуу чөптөр, өсүмдүктөр өсөт. Капчыгайда боз үй тигип жайында уй, койлорду талаага жайып жана бээ саап, кымыз жасашат. Азырынча эми гана көчүп барып отурукташып жаткан тургундарды көрүүгө болот.