Бүгүн, 14-майда Балыкчы шаарынын мэри шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрлик кызматка эки талапкер ат салышат. Аталган кызматка "Кыргызстан" фракциясы Мирбек Шакировдун, "Замандаш" фракциясы Марат Кудайбергеновдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт.
Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.