Премьер-министр "КТ Мобайлдын" кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "КТ Мобайл" кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын уюмдук түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Биз "Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок анын уулу Эрназар "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү. Баса белгилей кетсек, кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттарын пайдалануу жана анын кызматкерлеринин эмгек акы өлчөмүн белгилөө маселелери компаниянын өзү жана анын ээси "Кыргызтелеком" ААКсы тарабынан жөндөлөт.

Анткен менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "КТ Мобайл" кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана аны башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды. Ошол эле учурда премьер-министр компаниянын алдында турган телекоммуникация рыногундагы мамлекеттин жана керектөөчүнүн кызыкчылыгындагы милдеттерди таасирдүү ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул иш Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча ачык жана айкын аткарылууга тийиш. Өкмөт башчы мамлекеттик үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт. Бүгүнкү күнү 20дан ашуун мамлекеттик компанияда ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) киргизилген, алгачкы ирет мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын саны кыскартылууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернетке "КТ Мобайлдын" жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Компаниянын өкүлү Эрназар Иманкадыр уулу бул маалыматты четке какты. Жогорку Кеңеште бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2019-05-16 06:55:39
300 мин деген оңой акчабы мен 1 жыл иштеп араң табам го москвада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан