Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджетке 409 миллион 500 миң сомдон ашык каражат төккөн. Анын 68 500 миллион сому салык иретинде төлөнгөн. Мындай маалымат бүгүн, 31-июлда аталган мекеменин коллегиялык жыйынында белгилүү болду. Мамлекеттик бажы салыктары жана транспорттук төлөмдөр катары 6 ай аралыгында 341 миллион сом төлөнгөн.