Орусияда иштеген ата-энелер 18 жашка чыга элек кыздарды ата-энесиз өлкөдөн чыгарбоону өтүнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
Ал өз сөзүндө жакында эле иш сапары менен Орусияда болуп, мигранттар менен жолугушуп алардын көйгөйлөрүн укканын айтты.
"Орусияда иштеген көптөгөн ата-энелер тарабынан кайрылуулар болду, алар 18 жашка чыга элек кыздарды ата-энесиз өлкөдөн чыгарбоону өтүндү. Алар бул жаатта мыйзам кабыл алууну да суранышты. Мындай курактагы кыздар чет тилдерин, өз укуктарын билбегендиктен, өздөрүн туура эмес алып жүргөндүктөн жагымсыз нерселер болуп жатканын белгилешти. Бул жагдайды көзөмөлгө алып, мыйзам долбоорун жазып, коомдук угууларды өткөрүү керек", - деди депутат.
2012-жылы экс-депутат Ыргал Кадыралиева да 22 жашка толо элек кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо демилгесин көтөргөн болчу.