Ала-Бука районундагы автобекет учурда кейиштүү абалда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Дубалдары эскирип, оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет. Отургучтун артында бир канча таштанды, курулуш иштеринен ашып калган буюмдар, урандыларга толгон. Бул жер күтүү залы. Эскилиги жеткен, таштандыга толгон. Автобекетке эмес, кампага окшоп калган", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.