Өлкөдө турак жайлардын жана жашоочулардын тизмесин тактоо иши башталды

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 22-апрелинен тартып бир ай ичинде өлкө боюнча даректик регистр тизмесин тактоо боюнча иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чарага 3386 регистраторлор тартылган, эл жашай турган турак жай курулуштарын жана жашоочулардын санын, тизмесин тактоо үчүн регистраторлор өздөрүнүн аймактарын кыдырып чыгышы керек.

Бул иш-чара өкмөттүн "Кыргыз Республикасында 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" ылайык ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-05-17 12:55:07
Шайлоого даярдыкпы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан