ЭЛДИК КАБАР: "Казакстанда иштеген Кыргыз жарандарын милиция кармап кетти. Консулдук эмне иш кылып жатканы белгисиз" дейт окурман

Казакстандын Чымкент шаарындагы "Автонур" базарында соода тармагында иштеген Кыргыз жараны ЭЛДИК КАБАРга байланышып, 60тан ашуун Кыргыз жаранын милиция кармап кеткенин билдирди.

"Аларды участкалык бөлүмүнө жеткирип, бардыгынын документтерин алган соң өздөрүн коё беришкен. Биздин Консулдук эмне иш кылып жатат белгисиз. Ушул көрүнүш экинчи жолу болуп жатат. Биздин бийлик качан Казакстан менен миграция маселесин чечип берет?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kara-kulzha
2019-05-18 10:07:34
Казакстандын мыйзамы боюнча мигранттарга базарда иштөөгө болбойт. Шайлоо жакындаганда да ушундай рейддер болуп болуп турат.
0
Blackmoon
2019-05-18 12:30:32
Туура андай мыйзам Казакстанда жок бирок Орусия менен келишип мигранттардын шартын жакшыртып берди го бийлик. Ал эмне үчүн Казакстандагы Кыргыздарга көңүл бөлүнбөйт.
0
kamchatka
2019-05-18 13:02:31
Казактардыкы отту ушу !
+1
Chungyz
2019-05-18 13:42:45
Шайлоого карата мигранттарга Касым кысым корсотуп жатса керек
+1
Alixan-Nookat.2015
2019-05-18 14:24:30
Эмнеге биз Кыргызстанда жүргөндөргө кысым көрсөтө албайбыз?
+2
Domui
2019-05-19 05:20:58
Alixan-Nookat.2015,себеби биздин чондор Жана ментер продажный Акча учун озунун Элин да сатылат блогерди саткындар сатылап камап эле койуштуго жон камабай бутун да чолок кылышты Аллах жазаларын берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан