Нарын районунун Миң-Булак айылында куткаруучулар Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кызды издешүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөөгө милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылды. "Кыз 17-майда башка балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.