Өзгөндө камалган блогер эркиндикке чыкты

Өзгөндө камалган блогер Бауржан Кадырбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагынын тургуну 1987-жыл туулган Бауржан Кадырбековго "бейбаштык", "опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталып тергөө жүрүп жаткан.

11-майда Өзгөн райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан Кадырбеков 8-июнга чейин камакка алуу чечими чыгарылган. Анын адвокаты Өзгөн РИИБинин тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз берген. Эки тарап элдешкенден кийин иш кыскартылганы белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, блогер Өзгөн шаарынын аймагындагы дүкөндөрдү видеого тартып, жарыялап келген. Ал "товарлардын сактоо мөөнөтү өтүп кетти" деген доомат коюп, милиция кызматкерлерин беш ирет чакырган.

"Ар бир чакыруусунда милиция кызматкерлери барышып тийиштүү материалдарды топтоп, аны Өзгөн райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тийиштүү чара көрүү үчүн жөнөтүшкөн. Беш жолку чакыруунун бир учурунда товардын сактоо мөөнөтү өткөндүгү аныкталып, 5000 сом айып пул салынган. Ал эми калган учурларда сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатыктан чыгарып, тийиштүү мекемеге жиберүү үчүн даярдап койгон жеринен тартылгандыгы аныкталган. Бауржан Кадырбеков милиция кызматкерлерине карата эч кандай арыз менен кайрылган эмес, милиция кызматкерлери ага карата эч кандай күч колдонгон эмес", - деп билдирет Ош ОИИБи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ardak86
2019-05-20 14:40:29
Күч колдонулбаса жакшынакай жүргөн бала балдак менен жүрүп калмак беле
+16
admin_portal
2019-05-20 14:46:38
shergazy9, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
tachkomur
2019-05-20 14:56:38
Журналистер ошону аягына чейин текшерсенер кийинкиде мындай нерселер болмок емес кантип еле басып кирген Адам балдак менен чыгат либой Адам милитсядан корот
+9
Abdizhapar
2019-05-20 14:58:34
Кудайдан корккула орозодо бети жоктор
+9
Koichuman
2019-05-20 15:47:05
Бир жакшына баланы майып кылдынар
+7
BekAmir
2019-05-20 18:09:15
Топтоп койбой эле витринада турбайбы мооноту откон товарлар
+6
PROS
2019-05-20 18:28:17
Менттер доляда отурушат да, ошон үчүн уурусу күч болсо ээси доого жыгылат болуп жатат!!!
+6
Krai
2019-05-20 21:18:48
Өзгөн менттери орозонун күнүндө мынчалык төмөн кетпегиле видеодо так жана даана көрүнүп турат аны атайылап эле сындырып койдуңар кыргыз деп күйгөн кыргыз деген патртотторду жок кылып атасыңар
+3
CHOTON_86
2019-05-20 23:17:31
Ал эми калган учурларда сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатыктан чыгарып, тийиштүү мекемеге жиберүү үчүн даярдап койгон жеринен тартылгандыгы аныкталган. Бауржан Кадырбеков милиция кызматкерлерине карата эч кандай арыз менен кайрылган эмес, милиция кызматкерлери ага карата эч кандай күч колдонгон эмес", - деп билдирет Ош ОИИБи. super.kg ушул лапшаны кантип жазып чыгардынар? Супермаркет гипермаркеттердин ичинде эчкандай кардарла корбогон жерде койулушу кекре мооноту отуп кеткен товар.
0
Ardak777
2019-05-21 09:24:10
CHOTON_86, "деп билдирет Ош ОИИБи" деп өзүң жазып жатасың го. Супер эмне оюнан чыгарды дейсинби.
0
CHOTON_86
2019-05-20 23:24:36
Мооноту отуп кеткен товар, озунчо камерага койулат. Витиринада эчкандай просорок болбошу керек.
Товарлардын срок годности.
1 суткадан 7 суткага чейин кун куну менен алынат.
14 суткадан 25-30 суткага чейин 1 кун мурун алынат.
Андан нары узак суткадагылар 5 кун мурун алынат, срогу откон товарлар.
0
mirbek2211
2019-05-21 04:07:51
Жанагы дукондун ээси болгон тигил ХХХХХ аялбы ? Ушунун айынан бала камалып, сабалып балдакчан журобу? Видеодогу кыйкырып айкырып жургон ушул болсо керек эле , лакылдаган, жузу суук.
+1
admin_portal
2019-05-21 09:36:34
Nur777, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Shahrizaada
2019-05-21 12:28:08
Супер инфон ушул ишке иликтоо жургузсонор болмок. Улут аралык кастык эмес, бул жерде элдин ден соолугу тууралуу кеп кетип атат. Законду так билген журналист иликтесе, бир нече статьялар мн ошол дукондун ээсине, милицияларга да иш козголмок. Далилдерди жетиштуу топтоп, ооздоруна салып берсе да, бейбаштык деп чырактай баланы майып кылышты ХХХХХ!
+1
admin_portal
2019-05-21 13:15:05
Shahrizaada, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
senchi
2019-05-21 15:22:44
1чи магазинди жаптыргыла.2чи ХХХХ аялды сурака чакыргыла.3чү ошол магазинге элдер кирбегиле.
+1
jalgyzym...
2019-05-21 17:15:35
Кол которгон эле куч колдонду деп озу айтып бердиго [moderated]тан жакшынакай басып жургон адамды чолок кылышты. Бирок Бауржан ото ыймандуу Кудайдан корккон кыргыз элим деп жашаган чыныгы патриот жигит экен молодец. Бир бомжду адам кылып койду биринчи жолу кордум ушундайды азамат экен. Бекем ден соолук берсин. Жанагы ХХХХХ жазасын алыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан