Казакстандын Чымкент шаарында жайгашкан базарда соода-сатык менен алектенген 54 Кыргыз жараны депортацияланды. Бул тууралуу Соңку кабардын "Элдик кабар" рубрикасына байланышкан окурман билдирди.
Анын айтымында, депортацияланган жарандарга 25-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлган.
"3 күн мурда рейд жүрүп Чымкенттеги "Авантур" базарында эмгектенип жүргөн 54 Кыргыз жаранынын паспортторун полиция кызматкерлери алып коюшкан. Бүгүн, 20-майда "мыйзамсыз соода-сатык жүргүздү" деген шылтоо менен сот баарыбызды депортациялоо чечимин чыгарды. Паспортторубузду кайтарып берип, 25-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирди. Негизи баарыбыздын документтерибиз жайында болчу. Убагы менен чек арадан чыгып турабыз. Кыргыз өкмөтү тарабынан биздин жагдайга көңүл бурулуп, кайрадан жумушубузду улантууга жардам беришсе жакшы болот эле", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.