Жалал-Абаддагы ооруканада 2 аптадан бери оор абалда жаткан 2 жаштагы кыз чарчап калды

Жалал-Абадда оор абалда ооруканада жаткан 2 жашар кыз чарчап калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 20-майда кыздын апасына жардам берип жүргөн Каныкей Азаматова билдирди.

Анын айтымында, кыз саат 16:20 чамасында чарчап калган.

"Азыр апасынын абалы дагы оор", - деди Азаматова.

Маалыматты Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын балдар дарыгери Бахадыр Муратов да тастыктап, кыздын сөөгүн туугандары алып кеткенин кошумчалады.

7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Буга чейин кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу.

Жалал-Абадда ооруканада жаткан 2 жашар кыз чарчап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Jasa
2019-05-20 19:26:12
Мин наалат ушу колу тийген акмактарга
+16
Avrora2017
2019-05-20 19:32:09
Жаткан жери жайлуу болсун бобоктун, акыры чарчап калган экен, эми ким жооп берет ким куноолу буга, милиция баш болуп жыгылып кетиптир деп атышса значить эч ким камалбайт, врачтар баары бир ооздон бобок сабалган дешсе да болбой тепкичтен жыгылган чарпайадан жыгылган деп каражандарын жеп танып атышат милитсалары болсо былжырап кошунасы коруптур жыгылганын баласы акасы дагы тукунчосу коруптур деп ооздорун ачат же оздоруна акча тыгып койгонбу булардын, эч ким жазаланбайт менимче кыргызчылыка салып
+6
Avrora2017
2019-05-20 19:37:46
Avrora2017,кыргызчылыка салып бутуруп коюшат , болбосо сабаган адамды аныктап туруп сразы камаш керек эле, мурдуларынын учунда турсада корушпойт же кормоксон, ушу бобокту олумго дуушар кылгандар эки дуйно жакшылык корбогуло наадандар
+11
orozova
2019-05-20 23:56:23
Avrora2017,Огой тайнесинин туугандары органда иштейт экен.Ошого кылмыш иши жок деп туруп алышты
+8
shumkar929292
2019-05-21 11:31:08
Avrora2017,сабагандардын тууганы милицияда иштесе мындан башка эмнени күтөбүз жаман болуптур жаткан жери жайлуу болсун
+3
Nur777
2019-05-20 19:41:30
Бобоктун жаткан жери жайлуу болсун,
Аллахым оз рахымына алсын(((((((
Кимдин колу тийсе да Кудайым жазасын берсин!
+2
nuri1
2019-05-20 20:52:32
Тенирим жаткан жерин жай кылсын.
-14
Nurmat8921
2019-05-20 21:14:39
Бүгүн кызды атасы келип кабар алды деп жатты еле, бечара кыз атасын еле күтүп турган екенда коштошуп алайын деп. Кыз атага жакын болот эмеспи((
+19
Paprikafm
2019-05-21 00:45:21
Nurmat8921,олсун ошол атасы, убагыгда караьай олоордо келгенинин не пайдасы
+9
katerina.li
2019-05-21 10:10:13
Nurmat8921,эми келгенде не пайда. Бакпай качып кеткенинен ушундай абалга туш болду да байкуш кыз
+6
Djal1987
2019-05-22 01:13:36
Nurmat8921,ыйлагым келип кетти го
0
nur...nur.
2019-05-20 23:41:31
Кайран наристе омуру кыска экенда ушунчалык жаткан жери жайлуу болсун
+6
Adikoo2011.
2019-05-21 09:49:11
Байкуш ай бул дуйного бир келип бир кетиптир да байкуш
+4
Shaa-82
2019-05-21 10:17:33
Байкуш кыз, тундо окугандан бери журогум ачышат((( .
+4
aiba_00
2019-05-21 12:00:27
Эч кимге кереги жок экен деп кудайым бейишке алып кеткен го, байкуш наристе.
+6
Shahrizaada
2019-05-21 12:10:00
Бул дуйнонун ыпыластыгынан чарчаган экен да байкуш наристе.
+4
Takesha87
2019-05-21 12:19:31
Окугандан бери жаман болуп журом. Менин да кыздарым бар коз алдыма кыздарымды элестетип алып байкуш наристе же оз атасын мээримин, камкордугун корбой кордолуп кете бериптир. Колу тийген адамдар силерге наалат, наалат..., башка эч нерсе айта албайм
+4
Perfekt
2019-05-21 12:28:55
Okup alyp jaman boldum, menin kyzym menen ten eken. Kimdin kolu barat, ushunchalyk sabaganga
+2
Skarlett-Skarlett
2019-05-21 12:47:22
Периште кыз,учуп кеттинби?Бул жарык дуйнонун залымдыгын которо албай!Мээримсиз,таш боор адамдардын запкысына кичинекей журогун туруштук бере алган эместей.Кичинекей домпойгон топурактын алдында эч нерседен кабарын жок,бейкапар уйкуга кетипсин.Эне журогум сыздап турат
+3
ulua
2019-05-21 13:51:20
Атасы бар туруп арсыз жетим болуптур, энеси туруп эссиз жетим болуптур, копологум,,,жайын жылуу болсун, Аллахым оз баанесине алды периште кылып, сенин кор болгонунду которо албады да, ата энене мин наалат!!!Туудунбу, бак, бакпайсынбы жаратпа ар кимдин колун каратып бир аш кашык тамакка зар кылып,ажырашса атасында калат башка улуттарда, биздикилер апасы мн кошуп беришет, намыс деле жок, озу эркектерде, силердин канынар тукумунарго акыры, ана олуп деле калды турткунчук болуп, кор болуп,,,байкушум.
+4
Take_men
2019-05-21 16:00:35
Менттер адатынча акчаны жеп алып актап жатышат. Жаш бала тепкич эмес 2 этаждан түшүп кетсе да мынчалык болбойт эле. Сабаган кемпирди камаш керек менттерин кошуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан