Өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбеков жана анын орун басары Мурат Мукамбетов кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мукамбетовду өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлыгынан бошотуу боюнча чечимге кол койду.
"Бул кадрдык чечим "КТ Мобайл" компаниясын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, "Ачык Өкмөт" улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды", - деп айтылат өкмөттүн түшүндүрмөсүндө.
Мындан тышкары премьер-министр президентке өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди.