Бүгүн, 31-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков премьер-министрдин кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Муратбеков премьер-министрге облустагы кышка даярдыктар жаатындагы жумуштардын жүрүшү жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө тийиштүү бир катар тапшырмалардын ишке ашып жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү тууралуу токтомду ишке ашыруу алкагында тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгын маалымдады. “Өткөн жылы Нарында 350 000 тонна көмүр казылып алынган болсо, быйыл анын көлөмүн 450 000 тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз”,- деп билдирди облус жетекчиси.