Бүгүн, 21-майда "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болду. Бул программа жарандарга, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге батир же үй сатып алып алууга көмөктөшүү максатында 2015-жылы иштелип чыккан.
SUPER.KG порталы өкмөттөн жеңилдетилген жана арзан ипотека алыш үчүн кандай документтерди чогултуу керектиги жана насыя алуу эрежелери тууралуу айтып бермекчи.
Алгач жаран программанын тандоо критерийлерине туура келер-келбесин текшериши керек.
“Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча (бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн) катышуучуларын тандоо критерийлери:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары программанын катышуучусу болушат;
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
- Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.
- Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2016-жылдын 20-майындагы 17-88 номерлүү чечимине ылайык, программага катышуу үчүн бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге артыкчылык берилген.
“Арзан ипотека” багыты боюнча (бардык жарандар үчүн) катышуучуларын тандоо критерийлери:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары программанын катышуучусу болушат;
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
- Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга;
- Балдарынын саны бир баладан кем эмес болууга тийиш.
Эгер тандоодон өтсө, анда сатып ала турган батир же турак жай кандай болушу керектигин билип алышы зарыл.
Сатып алынуучу турак жайга талаптар:
- Укук белгилөөчү документтер керек;
- Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден көп болбоого тийиш;
- Жеке турак үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден көп болбошу керек;
- Эмгек ишин жүзөгө ашырган жери боюнча турак жай сатып алынат.
Үчүнчү кадам. Жаран ипотека алууга керектүү документтерди чогултуп, жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга бериши зарыл.
“Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча (бюджеттик мекемелерде иштеген жарандар) катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- Программага катышууга анкета-арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты (укукка ээ болуу маалым каты);
- Зарылчылык туулса жашаган жеринен маалым кат.
“Арзан ипотека” багыты боюнча (бардык жарандар) катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- Программага катышууга анкета-арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты (укукка ээ болуу маалым каты);
- Жеке ишкер катары каттоо күбөлүгү же ишкерликке патент жана төлөнгөн салыктар тууралуу квитанция;
- Зарылчылык туулса жашаган жеринен маалым кат.
Ипотека алчулардын тизмесине кирген соң өз кезегин күтүү керек. Программанын катышуучусу каалаган өнөктөш-банктардын бирине кайрыла алат. Өлкөдөгү дээрлик бардык банктар "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырууга өнөктөшүүдө. Ипотека алууда дагы кандай шарттарды билүү зарыл?
Пайыздык чендер:
Жылдык 9 пайыз - өздүк салымды 10 пайыздан 20 пайызга чейин төлөгөн учурда;
Жылдык 8 пайыз - өздүк салымды 20 пайыздан 30 пайызга чейин төлөгөн учурда;
Жылдык 7 пайыз - өздүк салымды 30 пайыздан өйдө төлөгөн учурда;
Ипотекалык насыя 15 жылга чейин берилет;
Ипотекалык насыянын жогорку суммасы - 3 миллион сом;
Өздүк салым сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10 пайыздан кем болбоого тийиш.