Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Музейден "директор эмгек өргүүсүнө чыгууга гана арыз берди" деп билдиришти. Ал эми маданият министрлигинин басма сөз кызматы Юристанбек Шыгаевдин арызы министрликке келе электигине байланыштуу азырынча маалымат жоктугун айтышууда.
Сүрөтчү мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал чыккан. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатканы маалым болгон.
Маданият министри Азамат Жаманкуловдун атына жазылган кызматтык катта картинанын бири музейден жоголуп, зыян келтирилген, начар абалда 2014-жылдын январь айында гана пайда болгону айтылат. Ошол убакка чейин ал Юристанбек Шыгаевдин колунда болгону аныкталган.
Маалыматка караганда, Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда капыстан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.