Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанындагы аялдамада унаа оңдоп жатышат. Бул тууралуу Соңку кабардын "Элдик кабар" рубрикасына байланышкан окурман билдирди.
Анын айтымында, базардын четинде жайгашкан унаа оңдоочу жайларга келген унаалардын көптүгүнөн айрым учурларда жолдор да тосулуп калат.
"Базардын четиндеги жолдо катарынан унаа оңдоочу жайлар жайгашкан. Айрым учурларда жолго унаалар толуп, өз үйүбүзгө кире албай калабыз. Тиешелүү кызматтар эмнени карап жатышат? Унааңды бир мүнөткө токтото калсаң жол тескөөчүлөр дароо келип, олчойгон айып пулду салып кетишет. Буга окшогон унаа оңдоочу жайларды эмнеге антип көзөмөлдөшпөйт? Аялдамага коомдук транспорттор токтойбу же унаа оңдолобу?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.