“Кыргыз темир жолу” ишканасы 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында республикалык бюджетке 224 миллион 841 миң сом которгон. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Жарым жылда темир жол аркылуу 3 миллион 201 миң 900 тонна жүк ташылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7,6 пайызга көп. Ошондой эле 200 миң 217 жүргүнчү белгиленген жерине жеткирилген. Айта кетсек, август айында Кыргызстандын темир жолчуларынын кесиптик майрамы белгиленет. Учурда кызуу даярдык жүрүп жатат.