Акыркы 6 жыл ичинде өлкөдө сүт азыктарын импорттоонун көлөмү 1,2 эсеге азайган

Кыргызстанда акыркы 6 жыл ичинде сүт азыктарын импорттоонун көлөмү 1,2 эсеге азайды. Маалыматка ылайык, Орусия, Украина, Казакстан 2007-жылы импорт боюнча Кыргызстан менен иштешкен негизги өлкөлөр болуп саналган. 2007-жылы өлкөдө сүт азыктары 7 000 тонна көлөмдө импорттолгон болсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 5782 тоннага түшкөн. Сүт азыктарын импорттоонун эң көп көрсөткүчү 2008-жылы белгиленген. Бул жылы сүт азыктары 9259 тоннага чейин экспорттолгон. Ал эми 2013-жылы Кыргызстанга алынып келинген сүт азыктарынын жалпы эсеби 3782 тонна көлөмдү түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан