Депутат: "Өлкөгө аткезчилик жолу менен кирип жаткан күйүүчү майдын айынан бюджетке 3 миллиард сомдон ашык акча түшпөй жатат"

"Аткезчилик жол менен ташылып жаткан күйүүчү майдын айынан бюджетке 3 миллиард сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй жатат" деп бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Биоотун жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

"Өлкө аймагында аткезчилик жолу менен кирип жаткан күйүүчү майдан улам бюджетке 3 миллиард сомдон ашык акча түшпөй калып жатат. Өлкө аймагына Евро-4, Евро-5 стандарттагы күйүүчү майларды алып келүү керек.

Азыркы күндө аткезчилер күйүүчү майды канистралар менен ташып келүүдө. Эмне себептен буга көз жумуп жатабыз? Өкмөткө баары бир болуп калды, Жогорку Кеңештин тапшырмаларын аткарбай калды", - деди депутат.

Маалымат үчүн: Евро-4 — экологиялык стандарт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан