Бишкекте 3 апта мурун жоголгон 11 жашар кыз табылды

Бүгүн, 31-июлда Бишкекте мындан 3 апта мурун жоголуп, изделип жаткан 11 жашар Анастасия Хрулькова табылды. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 13-июлда жоголгон кыз бүгүн саат 12:00 чамасында “Айчүрөк” соода борборунун аймагында табылган. Маалыматка ылайык, табылган кыз буга чейин үйүнөн качып кетип жүргөнү белгилүү болду. Шаардык ИИБдин кызматкерлери кыздын ата-энеси арак ичпеген, жакшынакай эле адамдар экенин такташкан. Кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан