"Түндүк" системи Эстонияда эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы Эстонияда "Жылдын өнөктөшү-2019" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-майда Эстониянын электрондук башкаруу академиясы (E-GA) эң мыкты электрондук башкаруу системи деп "Түндүк" тутумун тапты. Сыйлык тапшыруу аземине 130 мамлекеттен 500 делегат, БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү катышты.

"Электрондук өз ара аракеттенүү борборунун" башчысы Нурия Кутнаеванын айтымында, сыйлык тапшыруу аземинен кийин башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү тажрыйба менен бөлүшүүнү суранып, өздөрүнүн өкмөттөрүнө мисал катары көрсөтөрүн айтышты. "Жалпылап айтканда, бир жыл ичинде биз көп иштерди жасай алдык. Мамлекеттик мекемелердин ортосунда маалымат алмашуу ишке кирди: 19 мамлекеттик орган "Түндүк" аркылуу маалымат менен алмашууда. Эгер март айында 400гө жакын алмашуу болсо, апрелде бул көрсөткүч 700 миңге жетти. Бул жалпы Кыргыз өлкөсү үчүн жеңиш", - деди Кутнаева.

"Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму – бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сунуштоо үчүн зарыл болуучу маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк бере турган маалыматтык тутум.

"Түндүк" долбоорунун максаты – мамлекеттик бийлик органдарында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияны олуттуу кыскартуу, жарандар жана ишкерлер үчүн аныкталган маалыматтарды алууну автоматташтыруунун жана камсыздоонун, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрдүн сапаттуу жана ыкчам колдонуунун эсебинен бюрократиялык бөгөттөрдү төмөндөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан