Өкмөт "2040-жылга чейин токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын" бекитти

Бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында “2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы” бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов белгилегендей, бул концепция токой экосистемин туруктуу башкарууну камсыз кылуу, токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү максатында иштелип чыккан.

"Бул долбоордун милдеттери 2040-жылга чейин токой чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо болуп саналат. Калктын экономикалык бакубаттыгын, экологиялык коопсуздугун жана Кыргыз жарандарынын жашоосуна жагымдуу чөйрөнү камсыздоо үчүн токойлорду туруктуу башкаруу 2040-жылга чейин токой тармагын өнүктүрүүнүн жалпы максаты болуп эсептелет", – деди Абдыкалык Рустамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2019-05-23 01:22:46
Премьер-министр, президент тууралуу айта турган соз коп. Эгер Сооронбай менен бетме-бет кезиксем айта турган созум коп эле.
Биякка жазсан сразу БАНга тыгып тынчытышат.
-1
Apyn8793
2019-05-23 01:23:15
Супер инфо силерге да айта турган созум бар
+2
elb_2121
2019-05-23 03:40:16
Бул кетиште токойлорда калбайтго кытайларга кырдырып эле жатасынар кайдагы токой онугот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан