Кыргызстандын ЖОЖдорунда өзбекстандык кыргыз абитуриенттери үчүн 35 орун берилди

Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайлары өзбекстандык 35 кыргыз абитуриенттерди кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Сонун Абдрешова билдирди. Айтымында өзбекстандык кыргыз жаштары үчүн кыргыз өкмөтү 25, "Кыргыз-түрк Манас" университети 10 орун берген. Сынакка 96 абитуриент кирген. Кээ бир адистиктер боюнча атаандаштык жогору болду. Мисалы, англис тили боюнча адистикке 1 орунга 13 абитуриент, дарыгерлик адистигине 10 абитуриент  тапшырууну каалаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан