Бишкекте ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнөн ири суммадагы акчасын жана зер буюмдарын уурдап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG`ге милициядан билдиришти.
Буга чейин Бишкек ШИИББи уурдалган каражаттын суммасы 60 миң долларды түзгөнүн жана мындан сырткары кылмышкерлер зер буюмдарды да алып кеткени боюнча маалымат тараткан.
"Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн. Учурда тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө. Кылмышкерлер кармала элек, аларды издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милицияга 6-майга караган түнү арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген.