Сот "Ачык саясат" гезитин депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом өндүрүп берүү чечимин чыгарды

Бүгүн, 24-майда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Ачык саясат" гезити менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин ортосундагы иш каралды.

Анда сот чечим чыгарып, "Ачык саясат" гезитинен Кожобек Рыспаевге карата 300 миң сом акча өндүрүү чечимин чыгарды.

Буга чейин депутат гезитти "Рыспаевди иттен чыгарып коюшту..." деген макала үчүн сотко берген. Ал алгач доо арызга 300 миң сом акча өндүрүү талабын койсо, кийин кайра арызга 1 миллион сом өндүрүп берүүнү жазган. Ал эми макала гезитке 2018-жылы жарыяланган.

2019-жылы апрель айында эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму сөз эркиндигинин рейтингин (2019 World Press Freedom Index) жарыялаган. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсү 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Бирок саясатчылардын журналисттерди сотко берүүлөрү сөз эркиндигине кысым катары сыпатталып, рейтингдеги абалга терс таасир этиши ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursbaike
2019-05-25 03:34:49
Ошондо силер билими жок Киитеп окубаган жан болуп,кочодогу создорду жаза берсенер соз эркиндиги сакталабы . Уят ушинтип жазганынар,окугула кичине . Журналист десе эле жаман чолчондодунар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан