Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштандылар өз убагында чыгарылбай, жагымсыз жыттар чыгып жатат. Бул тууралуу "Элдик кабар" рубрикасына байланышкан окурман билдирди.
"Таштандылар өз убагында чыгарылбай, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Жаз келери менен жагымсыз жыттар чыгып жатат. Тиешелүү мекемелер убагында таштандыларды чыгарып турса жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.