Финляндия курама командасы хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алды

10-майдан 26-майга чейин Словакияда хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. 16 команда катышкан мелдештин финалдык беттештери 26-майда жыйынтыкталып, финляндиялык хоккейчилер алтын медалды тагынышты.

Финляндия курама командасы чейрек финалда 5:4 эсебинде Швецияны, ал эми жарым финалда 1:0 эсебинде Орусияны жеңип алды. Ал эми финалда 3:1 эсебинде Канада курамасы жеңилүү ызасын тартты.

3-орун үчүн Орусия-Чехия беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, беттештен кийинки буллит 3:2 эсебинде орусиялыктардын пайдасына чечилди. Жыйынтыгында мелдештин алтын байгесин Финляндия, күмүш медалды Канада, коло медалды Орусия курама командасы тагынса, алдыңкы бештикти Чехия жана Швеция өлкөлөрү толуктады.

Хоккей: Канада-Финляндия 3:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан