Жарандык активист жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттен билдиришти.
Эртең, 28-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин отурумунда депутаттар анын талапкерлигин талкуулашат. Байсаловду депутаттарга тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тааныштырат.
Эдил Байсалов 1977-жылы 6-августта туулган. Нарындагы мектепти бүтүргөн. Окуу программалары боюнча Түркияда жана АКШда окуган.
1995-2000-жылдары — Кыргыз өлкөсүндөгү Америка университети, бизнести башкаруу,
2000-2004-жылдары — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, саясат таануу.
Эмгек жолу:
1995-1996-жылдары — Улуттук Олимпиада Комитети,
1996-1997-жылдары — Товар өндүрүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясы,
1997-1999-жылдары — Weitnauer Швейцария фирмасы,
1999-2007-жылдары — "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын аткаруучу директорунун орун басары,
2001-2002-жылдары — Кыргыз өлкөсүнүн юристтер ассоциациясынын аткаруучу директору,
2002-жылы — "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын президентинин милдетин аткаруучу,
2002-жылы, декабрь — "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын президенти,
2006-жылы, декабрь — "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын лидери,
2007-жылы – КСДПнын жооптуу катчысы,
2010-жылы — Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси,
2012-2013-жылдары – Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.