Чиедей 5 баласын жалгыз баккан SUPER TV`нын каарманы Нургүл Бекиевага жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды

Ушул жылдын 25-февралында SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип 5 баласын жалгыз багып жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган.

Сюжет жарык көргөн соң Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, жардам бергендердин саны арбыган. Айрымдары акчалай түрдө жардам берип жатса, айрымдары турмуш-тиричилигине керектүү буюмдардан тартып азык-түлүгүнө чейин алып келип берип, алардын саны азыркыга чейин суюла элек. Ошондой эле жардам бергендердин арасында "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу да Бекиеванын үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүп, жер маселеси чечилсе үй салып бере турганын билдирген.

Айтылгандай эле берилген убадалар аткарылып, бүгүн, 28-майда Нургүл Бекиеванын үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды. Сокулук районуна караштуу Токбай айылында жайгашкан үй 3 бөлмөдөн турат.

Жаңы конушка көчүп келген Нургүл айым анын жашоосуна кайдыгер карабай, алгачкылардан болуп коомчулукка жеткирип, акыбалын бир гана карапайым элге эмес, жогорку кызматтагыларга да жеткирген SUPER TV`га алкышын айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.

"Абдан кубанып турам. Чынында мунун башында турган силерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Силер болбосоңор, балким, менин тагдырымда эч кандай өзгөрүү болбойт беле. Азыр балдар менен үйдөн чыга албайм. Андыктан үйдө эле тигүүчүлүк менен алектенейин деп ойлоп жатам", - деди ал.

Ал эми үй салууну демилгелеген Советбек Рустамбек уулунун айтымында, үйдү бүтүрүүгө жалпысынан 650 миң сом каражат кеткен.

Чиедей 5 баласын жалгыз баккан энеге жаңы үйдүн ачкычы тапшырылган видео жакында SUPER TV`га жарыяланат.

5 баланын энеси: "Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум - селсаяк"
Тагдырдын оор сыноосуна кабылган SUPER TV’нын каармандарына жер үлүштөрү убадаланды
Таштанды чогултуп, 5 баланы жалгыз баккан эне үйлүү болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2019-05-28 11:59:19
Ушундай ишкерлер кобойо берсин,орозонун кунундо, алла таала мин эселеп кайтарсын,кыргызымдын балдары талаада калбасын,
+1
Shaa-82
2019-05-29 10:41:08
Аллахым уйунорду озунорго кут кылсын! Орозо кунундо эч чон иш кылыпсынар рахмат! Элден айланса болот, баарынардын кылган жакшылыгынарды Аллахым эки эселеп кайтарсын. Мен тааныбасам да бул келинге озумчо суйунуп отурам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан