Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, түзөтүүлөр Кылмыш-жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине, “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамга киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.