Ош шаарындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу бычакталып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон окуучуну өзүнөн бир жаш улуу бала бычактаган деп шектелүүдө.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматтарында окуучулар бүгүн, 30-май күнү мектептен чыккандан кийин уруша кетишкен. Окуя Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы мектебинен алыс эмес жердеги дүкөндүн алдында орун алган. Анда С.А. аттуу 8-класстын окуучусун Н.Д.у. аттуу бала учтуу нерсе менен сайып жиберген. С.А. алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү 2004-жылы туулган. Ал Ош шаарындагы медреселердин биринде окуйт. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.