Баткен. Баткен шаарынын мэри: "Шайлоо тынч өтүп жатат, укук бузуулар жок"

Бүгүн Баткен шаарынын мэри Сайдакмат Эрматов да шайлоого катышты. ”Мен бүгүн шаарыбыздын №8074-шайлоо участкасынан өз добушумду бердим. Депутаттыкка койгон инсандар - Баткенди өнүктүрөбүз, өстүрөбүз деген адамдар. Шайлоо акыйкат жана таза өтөт деп ишенем. Себеби аталган участкада 16 ар тараптан келген байкоочу отурат. Учурда шайлоо тынч өтүп жатат. Эч кандай укук бузуулар жок жана болбойт деген ойдомун”,- деп билдирди шаар башчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан