Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы облустук китепканага акыркы 6 айдын ичинде суммасы 4 880 сомду түзгөн 270 жаңы китеп алынып келинген. Мындан сырткары шаардагы балдардын облустук китепканасы жаш окурмандарды 125 298 китеп менен камсыз кылса, 192 жаңы китеп фондду толуктады. “Ошондой эле райондордогу китепканаларга жаңы 2 425 китеп таратылды”,- дейт облустук китепкананын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Салкынбү Эрмекбаева.