Ош шаарынын Күрөңкеев, Лесхоз жана Эшматов көчөлөрүндөгү жолдордун оюлган жерлерин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Шаардын Кара-Суу көчөсү жаңы көпүрөнүн курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. 6-августта боло турган тендердин 2-этабынын жыйынтыгы менен көпүрөнүн курулуш иштери качан башталары маалым болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.