"Ай көрүндү, Орозо айт бүгүн белгиленет" дегендерге муфтият жооп берди

Кыргыз өлкөсүндө Орозо айт майрамы эртең, 5-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Сауд Арабия, Түркия, Орусияда Ай көрүндү деп айтып жатышат. Бирок биз Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекетпиз. Шариятта айтылгандай, жөө жүргөндө бир айлык жолго чейинки мамлекеттерди ээрчисек болот. Ал эми Сауд Арабия бизге бир айлык эмес, бир канча убакыттык жол. Ошон үчүн Сауд Арабиясын ээрчүүгө милдеттүү эмеспиз. Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде Орозо айт майрамын 5-июнда белгилешет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айрымдар Ай көрүнгөнүн айтышып, бүгүн, 4-июнь Орозо айт майрамы белгилене турганын жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
souza.j
2019-06-04 08:49:53
Эртенки айтынар маарек болсун момун мусулмандар
+7
maks.kgz
2019-06-04 08:53:32
Айт маарек болсун, туткан орозоңуздар кабыл болсун.
+6
tular
2019-06-04 09:59:21
Анда эмнеге биздикилер бугун орозо айт деп жатышат
0
newman
2019-06-04 10:05:36
tular,сиздикилер биздикилердей болуп Орусияда эмеспи?
+3
sabirdinovich
2019-06-04 12:11:02
tular, сиздикилер Арабияныкын айтып жатат, ал эми биздикилер Кыргызстанды айтып жатабыз
+2
katerina.li
2019-06-04 11:08:05
Муфтият биринчи жолу жакшы жооп бкриптир. Арабтарды ээрчибейбиз деп
+4
erjigit-e.15
2019-06-04 12:20:06
Бардык момун мусульман Бир туугандар Келе жаткан айт майрамыныздар менен.
+2
nurtilek.kursanbekov
2019-06-04 12:50:11
Азыр бардыгы эле молдо болуп калган айды карап билип тооба кылдым муфтияттын айтканын кутуш керек баш ийип бир кун эрте айтат эскертип
+2
Omush94
2019-06-04 14:59:38
Муфтияка баш ийебиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан