Бишкектеги "Ош базарынын" жанындагы Кулиев көчөсүндө тартип жок. Мындай нааразычылыгы менен SUPER.KG порталына окурман кайрылды.
"Бул жерди көзөмөлдөгөн бирөө-жарым барбы? Туугандарың менен баратсаң да "кыз керекпи?" деп эр сурагандар чыгат. Кулиев көчөсү берекелүү "Ош базарынын" аймагынан, эл аралык автобекеттин жанынан орун алган көчө да. Же булардын "крышасы" ушунчалык эле күчтүүбү?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.