Коңшулаш Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин палоо басып жаткандагы сүрөтүн кызы Саида Мирзийоева социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
"Кээде атам өзү үй-бүлөлүк дасторкон үчүн палоо басат, биз ага жардам беребиз. Арапа майрамыңыздар менен!" деп билдирүү калтырган ал.
Саида Мирзийоева - өзбек президентинин улуу кызы. Ал Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп эмгектенет. Бул кызматка ал ушул жылдын 12-апрелинде дайындалган.