Таласта үй-бүлөлүк медицина борборунда эс-учун жоготуп кулаган кош бойлуу келин каза болуп калды

Талас облусунда үй-бүлөлүк медицина борборунда эс-учун жоготуп кулаган кош бойлуу келин каза болуп калды. Мындай маалыматты бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июнь күнү Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда болгон. Анда 28 жаштагы 37 жумалык кош бойлуу келин үй-бүлөлүк медицина борборуна көрүнүүгө келген. Ультра добуштук изилдөөгө кирип чыккандан кийин ал коридорго чыгып, басып баратып эс-учун жоготкон.

"Кош бойлуу келин эс-учун жоготуп кулаган. Ага тиешелүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал эмне себептен көз жумганы белгисиз, аны соттук медициналык экспертиза гана аныктайт. Атайын түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы чыккан соң толук маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, каза болгон келин 33 жумасына чейин Бишкек шаарында каттоодо турган. Ал эми апрель айынын аягында Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк медицина борборуна каттоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2019-06-05 13:37:58
Жаман иш болуптур.
+2
airada
2019-06-05 13:39:59
Жаш бойдон кетиптир
Жаткан жери майлуу болсун
+2
maks.kgz
2019-06-05 20:54:34
Атиң ай
+2
Shaa-82
2019-06-06 09:47:13
Каап энеси да баласы да жок болуп калыптырда байкуш куйоосуно, ата-энесине сабыр берсин Аллах!
+2
barakcha
2019-06-06 11:00:08
Келинди кулдай иштетишет.((
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан