КРнын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар кызматтарынын уставдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө” жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзамдар ушул жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аларга ылайык, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ички, гарнизондук жана кароол кызматтарынын колдонуудагы уставдарын төмөнкүлөр менен ылайык келтирүү максатын көздөйт: 

1) КРнын Конституциясынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору менен, ага ылайык соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес

2) “КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзам менен, ага ылайык аскердик кызмат чакыруу боюнча аскердик кызматты жана контракт боюнча аскердик кызматты камтыйт. 

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан