Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 15 жаштагы өспүрүм Кызыл-Үңкүр дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июнда Кызыл-Үңкүр айылындагы дарыяга 15 жаштагы К.Д. түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан 23 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 170 адам тартылган. Издөө иштери саат 21:23кө чейин уланып натыйжа болбогондуктан убактылуу токтотулган.