"Телеграмдын" негиздөөчүсү Павел Дуров бир ай бою эч нерсе жебей турганын жарыялады

"Телеграм" мобилдик тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуров бир ай бою бардык тамактын түрүнөн баш тартты. Бул тууралуу ал расмий каналына билдирди.

"Акыркы 6 күндөн бери суу эле ичип жатам, азырынча өзүмдү абдан жакшы сезип жүрөм" - деп жазды ал. Дуров бул нерсе мыкты ой жүгүртүүгө жардам берерин айтты.

Дуров акыркы 15 жылда эч кандай эт азыктарын, фаст-фуд тамактарын, алкоголь ичимдиктерин, кофени, дары-дармектерди ичпегенинен акыркы убакта эч бир ооруга чалдыкпаганын белгиледи. Май айынан баштап балык жана деңиз азыктарынан гана тамактанып, глютенден, сүт азыктарынан, фруктозадан, жумурткадан баш тартканын айтты. Бул анын ой-жүгүртүүсүн жакшыртууга, эрктүүлүгүн бекемдөөгө, өзүн өзү тарбиялоого жардам берерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
interpol
2019-06-07 16:40:52
Орозо кармаса болмок экен андан көрө
+5
Shef87
2019-06-07 17:00:20
Мага окшоп бир ашказан утуп алайын деп жургон го ичи толо язва
-1
Tursunbaev2017
2019-06-07 23:24:56
Shef87,адам ач кезде жок дегенде суу ичип турса язва болбойт,бул врачтардын көзөмөлүндө болуш керек
0
asdef
2019-06-07 22:26:29
Баары бир олосун бир куну
0
KaGaH
2019-06-08 01:02:16
Гений
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан